Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIII сессиясынын
2025-жылдын 3-сентябры №5
«Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5407 сандуу катын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын аталышы “Манас” шаары деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына тиешелүү иш кагаздарды сунуштоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |