Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIII сессиясынын
2025-жылдын 3-сентябры №6
«Жалал-Абад шаарындагы эскилиги жеткен имараттарды бузууга
макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.09.2025-жылдагы чыг.№01-18/5428 сандуу катын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоковдун баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүндөгү №15/1 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү №24а дарегинде жайгашкан Жалал-Абад облустук М.Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) имараттарды имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |