Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 5-октябрындагы № 18/1

Жергиликтүү Элдик Курултайды уюштуруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.08.2023-жыл №215 “Элдик Курултайда өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 6.09.2023-жыл №1 чечими, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 03.10.2023-жыл №05-1/3286 сандуу каты менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 6.09.2023-жыл №1 чечимине ылайык кечиктирилгис иш-чаралар уюштурулсун.

2. 1-тиркемеге ылайык, жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү кеӊештин депутаттары жана айыл башчылар биргеликте айыл аймактарда эл менен болгон жыйындарын өкөрүшсүн.

3. 2-тиркемеге ылайык иш-чаралар уюштурулуп, кечиктирилгис убакта жыйндар өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча жооптуулар тарабынан протоколго түшүрүлүп, жооптуу катчы Р. Жунусовго алып келинсин.

4. Өкүлчүлүктүү жыйынды, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 6.09.2023-жыл №1 чечиминде көрсөтүлгөн убакыттан кечиктирбей өткөрүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

У.А.Абдыкулов