Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз XIV сессиясынын
2025-жылдын 5-сентябры №1
«Жалал-Абад шаарындагы үн басымынын жана ызы чуунун
белгиленген деӊээлдери жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 22.08.2025-жылдагы чыг.№01-18/5221 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XIV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жѳнүндѳ” мыйзамы менен иштѳѳ, тургундарга түшүндүрүү иштерин алып баруу
Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
2. Тѳмѳнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы чуунун белгиленген деӊээлдерин ашууга жол берилбейт деп белгиленсин:
-жумуш күндѳрү саат 22:00дѳн 07:00гѳ чейин;
-дем алыш жана майрам күндѳрү саат 22:00дѳн 09:00гѳ чейин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |