БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/5
Барпы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бекитилген киреше жана чыгаша пландарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, Барпы айыл окмотунун 2023-жылдын бекитилген киреше жана чыгаша пландарына озгортуулорду киргизуу боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Кыргызбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши :
ТОКТОМ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн атайын каражаттарынын балдар бакчаларынын ата-энелердин төлөмүнүн көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2023-жылдын 10 айында пландан ашыкча түшкөн кирешелерди эске алып, атайын каражаттарынын планы 550,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 130- беренесине ылайык киреше планыны көбөйүшү эсебинен балдар бакчаларына тамак аш азыктарын сатып алууга 70911 бөлүмүнүн 2218 беренеси 550,0 миң сомго чыгаша планы бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша планына өзгөртүүлөрдү киргизүү КР ФМ Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |