Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы

2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/6

Чокмор айылына спорт зал курууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чокмор айылына муниципалдык менчиктеги спорт зал куруу боюнча өкмөт башчынын билдирүүсү менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып чыгып, талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Жалал-Абад областык өнүктүрүү фондунун талаптарына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чокмор айылына салынуучу муниципалдык спорт залдын курулуш иштерине 1 млн 538миӊ 934сом акча каражатын, Барпы айыл өкмөтүнүн 2024-жылдык бюджеттинен каржылоого бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу Шавданбеков Токтогулга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага:

У.А.Абдыкулов