БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/10
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Мойнок айылындагы Н. Абдрахманов, Д. Чойбеков көчөлөрүнө асфальт төшөө боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т. Шавданбековдун билдирүүсү менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып, угуп талкуулап токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Мойнок айылындагы Н. Абдрахманов көчөсүнүн 621метр жолго асфальт төшөө жумуштарын аткаруу үчүн үлүштүк Сузак райондук өнүктүрүү фондуна долбор даярдалып жаткандыгына байланыштуу 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен айыл өкмөтүн салымы катары 424 миӊ 264 сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу Шавданбеков Токтогулга жана Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Кыргызбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |