БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/11
Комсомол айылындагы эскилиги жеткен таза-суу түтүктөрүн алмаштыруу жөнүндө
Комсомол айылындагы, 1970-жылы курулган таза-суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, түтүктөрдүн улуамдан улам жарылып, жашоочуларды таза-суу менен камсыз кылууда көптөгөн тосколдуктарды жаратып жаткандыгы бойунча, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун билдирүүсү менен жергиликтүү кеӊештин депутаттары таанышып, угуп талкуулап төмөндөгүчө токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Комсомол айылындагы 6500метр жерге тартылган таза-суу түтүктөрүн жаӊылоо үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбор даярдалып жаткандыгына байланыштуу 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен, айыл өкмөтүн салымы катары 995 миӊ 120 сом акча каражатын бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдуу ишке ашыруу жана уюштуруу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу Шавданбеков Токтогулга жана Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Кыргызбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |