БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIХ кезектеги сессиясы
2023-жылдын 3-ноябрындагы № 19/13
Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын, зоналык коэффициенттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын каты жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 16.06.2023-жыл “Барпы айыл өкмөтүнүн бюджеттин көтөрүү максатында, айыл өкмөттүн айыланасында жайгашкан жеке ишканалар жана соода дүкөндөрү жылына бир жолу салынуучу мүлк салыгын зоналык коэффициенттин 0,3ден-2,0гө чейин көтөрүп берүү боюнча” №02-07/119 сандуу кайрылуусу менен жергилитүү кеӊештин депутаттары таанышып жана талкуулап, төмөндөгүчө токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл өкмөтүнүн нарктык зоналардын чектери, ошондой эле жеке менчик ишканаларга жана соода түйүндөрүнө жылына бир жолу салынуучу салыгы, зоналык 2,0 коэффициент өлчөмүндө бекитилсин.
2. Барпы айыл аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып, мүлк салыгы киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоону, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага: | У.А.Абдыкулов |