Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 28-апрелинин № 40/VIII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25 апрелиндеги №01-10/657 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрынын №821 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү администрациялардын убактылуу жетекчилигине өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу” токтомунун 13-пунктунда көрсөтүлгөн пилоттук райондордун жергиликтүү бюджеттерине каралган киреше салыгынын суммасынан 30 пайызды районду өнүктүрүү фонддорунун эсебине чегерүү жөнүндө катын карап жана талкуулап,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын болжолдонгон 29 158,2 сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 8747,4 сом Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондусунун эсебине чегерүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |