Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 28-апрелиндеги № 41/VIII
Узун-Кыр айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
“Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевдин Узун-Кыр айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежени бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди бекитүү жөнүндө” буйругунун жетегинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-июнундагы
№ 98/ХХIV-28 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |