Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2022-жылдын 18-февралы № 25

 

Козучак жана Кум-арык айылдарына жаңы почта салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин V I I - чакырылышынын кезектүү № 7 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  

1. Бердике баатыр айыл аймагына караштуу Козучак айылынын Кулан Атаев көчөсүндө № 70 жайгашкан №6-04-08-1002-0201 кодундагы Козучак айылынын Маданий үйүнө тиешелүү 0,28 га жер участогу төмөндөгүдөй бөлүнсүн:

А) 0,26 га жер участогун маданият үйүнө бекитилсин.

Б) 0,02 га жер участогун почтага бөлүнүп берилсин.

2. Кум-Арык айылынын Т.Казаков көчөсүндөгү ФАПтын жер участогунан төмөндөгүдөй бөлүнсүн 0,02га жер аянты почта салуу үчүн бөлүнүп берилсин.

3. Бөлүнгөн жердин иш кагаздарын бүткөрүү жана жердин чектерин аныктап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.  

Төрага  

 

  Азизбек уулу Улукмырза