Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 28-апрелиндеги № 42/VIII
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Жашыл Мурас” муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевдин Узун-Кыр айыл аймагында “Ичүүчү сууга тарифти бекитүү жөнүндө” кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, калкты сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, суу менен камсыздоо кызматына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирүү максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагында суу пайдалануучулардын ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ново-Покровка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 09-декабрындагы № 28/VII-28, 2022 жылдын 22 мартындагы № 45/Х-28 токтомдору жана Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2021-жылдын 20 декабрындагы №13/IV-28 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |
| Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 42/ VIII токтомуна тиркеме | |||||||||||||||||||||||||||||||
Узун-Кыр айыл аймагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер | ||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||