Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 28-апрелиндеги № 43/VIII
Милициялык аймактык пунктун жайгаштыруу үчүн жер тилкесин
акысыз пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 14 апрелиндеги № 01-9/565 “Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө милиция аймактык пунктун ачканга 323 контурдан 0,02 сотых жер берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык, ошондой эле Ысык-Ата райондук ИИБнүн өтүнүчүн эске алып, Узун-Кыр айыл аймагында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө милициялык аймактык пунктун жайгаштыруу үчүн 323-контурдан 200 ч.м. жер тилкесин акысыз пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Т.А. Минбаев |