Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 11-июнундагы № 44/IX
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине көмөкчордон орнотуу үчүн жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 02-июнундагы № 01 10/822 “К.С.Бостонкуловдун жеке менчиктеги жер тилкесин көмөкчордон орнотуу үчүн акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине 1000кВт көмөкчордон орнотуу үчүн Ново-Покровка айылы, №294 контурунда жайгашкан К.С. Бостонкуловдун жеке менчиктеги аянты 4000 ч.м. жер тилкесин акысыз негизде алууга макулдук берилсин,идентификациялык код: 7-04-18-0026-034.
2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги жер участогун айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3.Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияссына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |