Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 11-июнундагы № 45/IX
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттерди жылдыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 09 июнундагы № 01-10/866 бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү беренелер боюнча кредиттерди жылдырууну жүргүзүү зарылчылыгы жөнүндө катын карап жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025 жылдын 2 кварталына бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча кредиттери, бөлүм боюнча жылдырылсын:
70111 Аппарат бөлүмү
-2824 беренеси резервдик фондунан 120,0 миң сом суммасына азайтылсын
70921“Билим берүү” бөлүмү
-2225 беренеси кайтаруу 700,0 миң сом суммасына азайтылсын
70111 Аппарат бөлүмү
-2221 беренеси 790,0 миң сом суммасына айыл өкмөттүн административдик имаратын оңдоо иштерине көбөйтүлсүн.
70823 Клуб бөлүмү
-3111 беренеси 30,0 миң сом суммасына Жер-Казар айылындагы клубдун айланасын тосмо орнотууга көбөйтүлсүн.
3.Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Б.Кубандыковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |