Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 11-июнундагы № 46/IX
2025-жылга сметалык ассигнованияларды көбөйтүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16 майындагы № 01-10/738, 2025-жылдын 09 июнундагы № 01-10/866 бюджеттик ассигнованиелерди көбөйтүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сметалык ассигнованиялар республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин келип түшүүсүнө байланыштуу көбөйтүлсүн:
-70629 ТЖКЧ бөлүмү 2215 беренеси 2424,0 миң сом Жер -Казар, Нижний Норус,Дружба айылдарынын генералдык планын даярдоого.
2.Ата-энелерден алынган кошумча төлөмдөрдүн көбөйүүсүнүн эсебинен атайын каражаттарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү көбөйтүлсүн:
-70911“Билим берүү” бөлүмү (бала бакча) 2218- беренеси 500,0 миң сом суммасына Жер-Казар айылынын Нур-Бакча бала бакчасындагы балдардын тамак-ашына.
3.Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Б.Кубандыковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А. Минбаев |