Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025 жылдын 22-июлундагы № 47/XI
Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025- жылдын 13 февралындагы № 30/ V “Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан суткалык жөнгө салуу бассейнин /БСР/ Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 04 июлундагы №01-10/1042, катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025- жылдын 13 февралындагы № 30/ V “Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан суткалык жөнгө салуу бассейнин /БСР/ Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пунктундагы “340 контурда аянты 6,5 га жана 341 контурда аянты 3,9 га” деген жердеги “340 контурда аянты 4,54 га жана 341 контурда аянты 3,18 га” цифралар менен алмаштырылсын.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына өз чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтом 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |