Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 18-июлу № 36
.Көн айылындагы Кожо-Кайыр каналынын үстү жагында №1523 контурунда жайгашкан 0,40 га башка жер, №465 контурунда жайгашкан 1,20 га таштуу жайыт жер аянты жалпы 1,60 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт жерлер түрүнөн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Көн айылындагы Кожо-Кайыр каналынын үстү жагында №1523 контурунда жайгашкан 0,40 га башка жер, №465 контурунда жайгашкан 1,20 га таштуу жайыт жер аянты жалпы 1,60 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт жерлер түрүнөн “Калктуу конуштардын жерлери” (маданият, искусство чөйрөсүнүн объекттери) категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. А.Масалиев айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-июнундагы №21/6 токтому жокко чыкты деп табылсын.
Төрага |
Т.Галботоев |