Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI
сессиясы
2025-жылдын 4-августу № 39
А.Масалиев айыл өкмөтүнүнө кызматтык автоунаа каражаттарын лизинг жолу менен алууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 29-июлундагы №01-16/333 катына ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа каражаттарын лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |