Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 4-августу № 40
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жайына таштанды таштоого төлөнүүчү акыны кароо жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жайды көзөмөлдөөчү кароол менен айыл өкмөтү келишим түзүп иштетүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Таштандыларды таштоочу жайга А.Масалиев айыл аймагындагы “Исфайрам” муниципалдык ишканасы менен келишими жок алып чыгылган таштандылардын унаасына карап камаз 1000 сом, портер 500 сом, лабо 300 сом, жеңил унаа 150 сом өлчөмүндө бекитилсин. А.Масалиев айыл аймагынан тышкары таштанды алып келген жарандарга таштанды таштоо тарифи эки эсе өлчөмүндө белгиленсин.
3. Таштанды таштоочу жайды иштеткен адамга таштандыларды өз жайына барып төктүрүү, айланасын кароо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |