Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 4-августу № 41
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Какыр айылына таза суу тартуу үчүн суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Какыр айылына таза суу тартуу үчүн суу түтүктөрүн орнотууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп өз мөөнөтүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Галботоев |