Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 45
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын “Таш-Тумшук” мектебин жана “Балширин” балдар бакчасын чек ара маселесине байланыштуу жабуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын “Таш-Тумшук” негизги жалпы билим берүү мектеби жана “Балширин” балдар бакчасын чек ара маселесине байланыштуу башка жерге көчүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын “Таш-Тумшук” негизги жалпы билим берүү мектеби жана “Балширин” балдар бакчасы чек ара маселесине байланыштуу жабылсын.
2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын “Таш-Тумшук” негизги жалпы билим берүү мектеби менен “Балширин” балдар бакчасында эмгектенген мугалимдерин жана тейлөө кызматкерлерин башка билим берүү уюмдарына жайгаштыруу жагы, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары М.Мажитовага жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |