Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 46
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууларды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Ак-Татыр айылөкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсү 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурууга графикти бекитүү боюнча айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр, Орто-Боз, Үч-Дөбө жана Рават айылдарында 2026-жылдын Жергиликтүү бюджетинин долбоору боюнча Коомдук угууну өткөрүү үчүн төрт айылда өтө турган күндөрү белгиленсин, жооптуу адамдар көрсөтүлсүн.
2.Айылдарда өтө турган күндөрү жана жооптуу адамдар.
№ | Айылдын аты | Боло турган күнү жана сааты | Жооптуу адамдар | |
1 | Үч-Дөбө | 02.09.2025, 10:00 | Даабеков Сайтбурхан | Өкмөт башчы |
2 | Орто-Боз | 03.09.2025, 10:00 | Жапарова Айымбасар | Өкмөт башчы |
3 | Ак-Татыр | 04.09.2025, 10:00 | Темиров Акжол | Өкмөт башчы |
4 | Рават | 05.09.2025, 10:00 | Жапаров Нурудүн | Өкмөт башчы |
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, төраганын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |