Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 48
Ак-Татыр айыл аймагындагы салтанаттуу иш чараларды коомдук жайларда өткөрүүнүн убактысын чектөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 13-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү каада-салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө №54-жарлыгын Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл аймагында салтанаттуу иш-чаралар (түрүнө карабастан) коомдук жайларда өткөрүүнүн убактысын чектөө кечки саат 22:00гө чейин белгиленсин.
2. Ак-Татыр айыл аймагына караштуу коомдук жайлардын менчик ээлерине белгиленген чектөө киргизилгендиги боюнча кабарлансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |