Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 50
Жер салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналык коэффициентин (Кз) жана нарктык зоналарын, мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын катын карап жана талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Жер салыгынын суммасын эсептөө боюнча, зоналык коэффицент (Кз) 1,0 бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,
айылдык кеңештин финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |