Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 25-августу № 51
Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасындамектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жана мектепке чейинки билим берүү уюмуна атын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Керме-Тоо участкасында жаңы бүткөн балдар бакчасын ачуу жана балдар бакчасынын атын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп карап жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1.Керме-Тоо участкасында мектепке чейинки билим берүү уюму бир толук күндүү тайпа жана кыска мөөнөттүү тайпа болуп мектепке чейинки билим берүү уюму ачылсын.
2. Керме-Тоо участкасында мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы “Үч-Дөбө” болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун 1-2-пунктунун аткарылышы жана иш-кагаздары Баткен райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |