Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-сентябры №81
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин негизинде “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдук өстүрүү боюнча жетекчи адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Самаркандек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагында сугат суу каналдарын реабилитациялоо долбоору үчун Үзуктүн бели участогунан бери сугат суу каналдары жайгашкан 1,72 га “айыл чарба багытындагы жерлер ” категориясынан, анын ичинен:
- №35 контурунда жайгашкан 0,11 га жайыт жер;
-№530 контурундагы 0,21га көп-жылдык бак-дарактар;
- № 534 контурундагы 0,04 башка жерлер;
-№528 контурундагы 0,09 га жайыт жер;
-№ 507 контурундагы 0,14 га жайыт жер:
- № 508 контурундагы 0,54 га жайыт жер;
- №309 контурундагы 0,27 таштуу жайыт жер;
- № 311 контурундагы 0,07 га таштуу жайыт жер;
- № 312 контурундагы 0,25 га таштуу жайыт жерлер жерлердин “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу жогорку суралган 1,72 га жер аянтынын категориясын которуу (трансформациялоо) жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ташполотов М.) жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы А.Эргешовго тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Гапаров |