Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (мындан ары - Департамент) карамагында болот жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат.
2. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын капиталдык куруу объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Департаменттин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик мекеменин уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Мамлекеттик мекеменин уюмдаштыруучу документи болуп ушул Жобо саналат.
5. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик мекемени күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик муктаждыктарына ылайык ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга инвестициялардын (капиталдык салымдардын) көлөмүнүн 2,9 пайызга чейинки өлчөмүндөгү сарптоолордун жана негизги фонддорду оңдоого сарптоолордун нормативинин эсебинен жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Управление капитального строительства объектов питьевого водоснабжения и водоотведения" при Департаменте развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ККБММ";
- расмий тилде: "ГУУКС".
7. Департамент тарабынан мамлекеттик мекеменин өндүрүштүк ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик мекеменин филиалдары түзүлүшү мүмкүн.
8. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а.
2-глава. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты
9. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жай, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун объекттеринде ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.