Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 66
“Баткен шаарынын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жер
аянттарынын абалы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин, 2;6;7;13;15-пунктарына жана Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жыл үчүн бекитилген иш-планына, Баткен шаардык Кенешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жер аянттарынын абалы жөнүндөгү Баткен шаарынын мэриясынын маалыматы кабыл алынсын
(маалымат тиркелет)
2.Баткен шаарынын ички жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү, жарыктандыруу, санитардык-эпидемиологиялык тазалыгын камсыз кылуу, инфратүзүмүн жакшыртуу, заман талабына ылайык коомдук жайларда интернет желелери, мобилдик байланыштарды жакшыртуу чараларын көрүү үчүн иш аракеттерге бекитилген иш чаралардын долбоору шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына киргизилсин.
- Баткен шаарынын мэриясына төмөкүлөр сунушталсын:
- жалпы пайдалануудагы жакынкы жана алыскы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жакшыртуунун жылдык маалыматы кыска кино тасмалар аркылуу чагылдырууну колго алсын;
-жакынкы жана алыскы жайыттарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн “Жашыл мурас” Улуттук программасына ылайык өздүк салым жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоорлорду тартуу жагы;
-коомдук жайлардагы аялдамаларда калкты ысык жана сууктан коргоо, балдарга жана жаштарга , мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын жайларга шарттарды түзүүнү эске алуу;
-шаар тургундарынын көп топтолгон жайларда коомдук дааратканаларды заман талабына ылайык орнотуу жана шарттарды түзүү ;
-жалпы пайдалануудагы коомдук жайларга көп жылдык декоративдүү гүлдөр, дарактар, улуттук колоритке ылайыкташкан өзгөчөлүк көрк менен жасалуусу үчүн шаардын архитектуралык эрежесине дал келтирүү жагы сунушталсын;
-шаар аймагагындагы баардык коомдук жайларга атайын белги көрсөтмөлөр орнотулуусу;
3.Жылдын жыйынтыгы менен көрүлгөн чаралар жана долбоорлор боюнча маалымат берилип турулсун;
4.Ушул токтом жалпыга шаардык Кенештин расмий сайты аркылуу жайылтылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кенешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын №_________
токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы жерлер боюнча маалымат
Баткен шаарында коомдук пайдалануудагы инфраструктураны жакшыртуу жана шаардыктардын жашоо сапатын көтөрүү боюнча бир катар иштер аткарылууда.
Жалпы пайдалануудагы тротуарлар – 24,095 км,
Шаар ичиндеги асфальт жолдор – 32,725 км.
Бул жолдор шаар ичиндеги кыймылды жеңилдетип, жөө жүргүнчүлөр жана унаалар үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылат.
2, 3 жана 4 кабаттуу үйлөрдүн алдындагы коомдук пайдалануудагы жер аянты – 1,98 га. Бул аянттарда эс алуу жана балдар оюн зоналары, унаа токтотуучу жайлар жайгашкан.
Тургунбай Садыков көчөсүндө – 0,07 гажаңы коомдук жай (сквер) 2024-жылы пайдаланууга берилген.
Учурда “Арис” уюму тарабынан Жаштык жана Жеңиш парктары жалпы 2,10 га жер аянты реконструкцияланууда.
Өнөр жай зонасында 4,8 км жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул инфраструктуралык иштер ишкерлерди колдоо жана өндүрүштүк аймакты өнү ктүрүү максатында аткарылууда.
Бул — Баткен шаарында жайгашкан скульптур
алык архитектуралык комплекс, Манас эпосунун каармандары — Манас, Каныкей, Бакай жана башка баатырлар — таш жана кованый металлдан жасалган фигуралар түрүндө чагылдырылган.
Баткенде Манастын эстелиги алгач 1987-жылы тургузулуп, калган айкелдер 2002-жылы орнотулган.
Комплексте "Манас" баатырдын бийиктиги 21 метр.
Саймалуу-Таш корук:
Баткен шаарында Эгиз-Кара тоосунда жайгашкан Саймалуу -Таш коругунда сүрөттөр жайгашкан бөлүгүнүн жалпы аянты 1,5 чарчы км аянтты түзөт.
2016-жылы сентябрь айында Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында жайгашкан “Саймалуу Таш” тоосун корукка алуу боюнча капсула салуу аземи өткөрүлгөн.
-Ак-Таш, Сан-Сарай? Зындан –Как корук учун маалымат корсотмолор,
Баткен шаарында панорамалык эс алуу зонасы "Кызыл‑Дөң" аймактык
башкармалыгындагы "Кызыл‑Дөң" дөңсөсүнө курулууда. Анын жалпы аянты 5,0 га түзөт.