Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 04-август № 4-10-5
«Майлуу-Суу шаарынын Саматова көчөсүндөгү № 8-орто мектептин аймагында жайгашкан эски тирди 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 11.07.2025 ж. № 01-05/627 сандуу кайрылуу катын, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык Кеңештин X- чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына, муниципалдык обьекттерди сактап калуу жана техникалык калыбына келтирүү максатында, Майлуу-Суу шаарынын Саматова көчөсүндөгү № 8-орто мектептин аймагында жайгашкан эски тирди , ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерин жана сарпталган акча каражат чыгымдарын эске алуу менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысыз колдонууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |