Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 67
“Баткен шаарынын билим берүү уюмдарынын 2025-2026-окуу жылына даярдыгы жөнүндө маалыматын угуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 29-бересинин, 5-пунктунун, 4-пунктчасына жана Баткен шаардык Кеңешинин 2025-жыл үчүн бекитилген иш-планына, Баткен шаардык Кенешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын билим берүү уюмдарынын (жалпы билим берүү мекемелери).
2025-2026-окуу жылына даярдыгы жөнүндө Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысынын маалыматы эске алынсын. (маалымат тиркелет).
2.Баткен шаарынын мэриясына (шаардык билим берүү бөлүмүнө) төмөнкүлөр сунушталсын:
2.1. Окуу жылынын башталышына карата билим берүү мекемелеринде окуу-тарбия
процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу (жылуулук, суу, электр энергиясы, техникалык базасын жакшыртуу).
2.2. Мектептердин жана бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды улантуу
- Санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу.;
- Өрт коопсуздугунунун алдын алуу чаралары;
- Шаардын ички жолдорунда балдар жүрүүчү жол белгилердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
- Шаадын аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин мамлекеттик техникалык паспортун жасоо үчүн чараларды көрүү;
3.Көрүлгөн чаралардын жеткиликтүүлүгү боюнча маалыматты 2026-жылдын январына кезектеги сессияда маалымат берүү Баткен шаарынын мэриясына тапшырылсын;
4.Токтом жалпыга шаардык Кенештин расмий сайты аркылуу жайылтылсын.
5.Ушул токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты спорт, туризм, тазалыкты сактоо, ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына /Абдинаби у С/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын №_________
токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарында 11 мектеп, 6 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Быйылкы окуу жылына ондоп-түзөө иштери үчүн республикалык бюджеттен мектептерге жалпы 1 546 547 сом, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жалпы 1 150 000 сом акча каражаты бөлүнүп, тендер аркылуу бардык оңдоп-түзөө иштерине керектелүүчү каражаттар менен камсыздалып, оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлдү.
1971-жылы курулган Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде республикалык бюджеттин эсебинен сметалык баасы 59 млн сомго капиталдык ондоп түзөө иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда аяктоо алдында турат. Ошондой эле АРИС уюму тарабынан 225 орундуу кошумча имарат курулууда.
1982-жылы пайдаланууга берилген 1200 орундуу В.И.Ленин атындагы орто мектеби капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Аталган мектептин техникалык паспорту жоктугуна байланыштуу документтерин жасатууга 529 000 сом акча каражаты керектелгендиктен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине каржат бөлүп берүү боюнча билдирүүлөр берилген.
Кызыл Жол орто мектебинин имараты авариялык абалда тиешелүү органдарга жаңыдан имарат куруу боюнча билдирүүлөр берилген.
Чет-Булак кварталында калктын саны өсүп жаткандыктан С.Огата атындагы орто мектебинде класстык кааналар жетишсиз. Окуучулар 3 нөөмөт менен окушат. Мектептин айланасын тосуу (500 метр) зарыл.
Учурда капиталдык ремонтту талап кылган мектеп, бакчалар;
1. В.И.Ленин атындагы орто мектеби
2. “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү мекемеси
3. “Өрүкзар”мектепке чейинки билим берүү мекемеси
Күз-кыш мезгилине карата билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыз кылуу максатында (3 933 000 сом) 570 тонна көмүр сатып алуу боюнча тендерге берилген.
Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча Баткен шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгылды. 25-августан тарта бардык кызматкерлер эмгек өргүүдөн чыгышып, калган жасалгалоо иштерин жасашып жетишет.
Баткен шаарындагы бардык мамлекеттик билим берүү орто, башталгыч мектептер жана мектепке чейинки мекемелер 2025-2026-окуу жылына жана күз-кыш мезгилине даяр.
Кол коюучулар: Абдинаби С. У.
Акимов К