Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 68
“Баткен шаарынын ичиндеги муниципалдык жана маршруттук таксилердин жол акы тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-бересинин, 11-1-пунктарына жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен автобаза” ишканасынын 2025-жылдын июлундагы, “Али-Ахмед” ЖЧКсынын шаар ичиндеги каттамынын айланма жана Баткен-Бужум каттамынын төлөм акыларына өзгөртүү киргизүү максатындагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Баткен-Автобаза” муниципадык
ишканасынын жана “Али-Ахмед” ЖЧКсынын, шаар ичиндеги жана Баткен-Бужум каттамдагы жол акылары ар бир жүргүнчү үчүн 20 сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
- Жол акыларын төлөө 7 жаштан жогоркуларга жайылтылсын;
- Мектеп окуучулары үчүн 350 сомдон ашпаган “атайын эсептик карта” менен эсептешүү киргизилсин;
2. Ушул токтом жалпыга жарыялангандан кийин 2025-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө киргизилсин.
3. Ушул токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу
жарыялансын;
4. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин
архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын /Т.Ураимжанов/
Төрага: | А.Аширов |