Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 70
“Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын “Мадина” шаарчасындагы жана С.Сыдыков, Курманжан Датка, А.Абдрахманов көчөлөрүндөгү “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн ээлеп турган жер тилкелерин мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-бересинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2025-жылдын 15-июлундагы №604 тескемесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 1-августундагы №01-07/3933 катына, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын “Мадина” шаарчасындагы жана С.Сыдыков, Курманжан Датка, А.Абдрахманов көчөлөрүндө куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн ээлеп турган жер тилкелери мөөнөтсүз пайдаланууга бекитилип берилүүгө макулдук берилсин;
2. Ушул токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу
жарыялансын;
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн;
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |