Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 71
“Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү Көлчүев Амирбектин №153/2 Ц-1 аймагындагы менчик турак жай жер аянтын С-1 аймагына өткөрүүгө
макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27–беренесинин 15-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-августундагы №К-501 катынын, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 27-мартындагы №106 корутундусуна жана Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү Көлчүев Амирбек Абдикеримовичке таандык №153/2, Ц-1 “Шаардын борборунун коомдук маанидеги тейлөө борборлору жана коммерциялык ишмердүүлүк” аймагындагы 790.5 м2 менчик турак жай жер аянтын С-1 “Билим-берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт” аймагына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү техникалык жана юридикалык иштерди жүргүзүү Баткен шаарынын мэриясына, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына, ошондой эле мамлекеттик каттоо башкармалыгына сунушталсын;
3.Ушул токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу
жарыялансын;
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн;
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын /Т.Ураимжанов/
.
Төрага: | А.Аширов |