Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 72
“Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун 2013-жылдын 24-декабрындагы Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатындагы Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-августундагы № 01-12/4228 катынын жана Баткен шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын корутундуларынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунун Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (Жобо тиркелет)
2.Баткен шаарынын башка аймактардан келген ден- соолугунан майып балдарга кошумча көрсөтүлүүчү кызмат акыларынын баасы бекитилсин (№2 тиркеме тиркелет)
3. “Нур” балдарды каыптандыруу борборунун өзгөртүлгөн Жобосу Баткен облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
5. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ч.Ахмедовага тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги VIII
сессиясынын №_________
токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борбору муниципалдык мекемеси жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
1. Муниципалдык менчиктеги «Нур» балдарды калыптандыруу борбору (мындан ары – Балдарды калыптандыруу борбору) Баткен шаарынын мэриясынын карамагындагы муниципалдык мекеме болуп саналат жана анын укуктук макамын, максатын, милдеттерин, функцияларын, түзүмүн жана ишмердигин ушул Жобо жөнгө салат.
2. Балдарды калыптандыруу борбору өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, “Майып адамдарды реабилитациялоо жөнүндө” мыйзамынын, “Жарандык” кодексинин, жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
3. Балдарды калыптандыруу борбору аларга бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн юридикалык жак болуп эсептелет. Калыптандыруу борборунун уюштуруу-укуктук формасы - мекеме. Балдарды калыптандыруу борборунун өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, казыналыкта алыш-бериш эсеби болот.
4. Борбор 3 жаштан 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелеген өзгөчө муктаждыгы бар балдардын зарыл болгон калыптандыруучу( реабилитациялык) жана абилитациялык жардамдарды берүүчү, ошондой эле эрте жаштагы (1,5 жаштан 3 жаш) балдардын өнүгүүсүнө кийлигишүү программасы (ранее вмешательство) менен иш алып баруучу, Баткен шаарынын тургундары үчүн муниципалдык мекеме болуп эсептелинет.
5. Калыптандыруучу, жардамдарды берүү жаатында 3 жаштан 10 жашка чейинки балдарды кабыл алат. Ар бир баланын өсүү өзгөчөлүгүнө, анын диагнозуна жараша калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлөт.
6. Эрте жашатагы балдардын өнүгүүсүнө кийгилишүү программасынын негизинде 1,5 жаштан 3,5 жашка чейинки балдар менен топтук иш аракеттер уюштурулуп, адистер тарабынан жүргүзүлөт. Жаш курагына жана диагнозуна карата топторго бөлүп кызматтар көрсөтүлөт. Ал эми жашы 10 дон 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүм балдар, жогоруда аталган жаш балдардан айырмаланып, кеп-кеңеш алуу үчүн логопед, дефектологдун жана психологдун коррекциялык сабактарына, комплекстүү калыптандыруучу адистин сенсемотордук терапияларына жана дарыгердин көрсөтмөсүнүн негизинде медициналык дарылануусуна, массаждын түрлөрүнө, гидромассаждык ваннага, парафин, электрофарез менен физикалык дарылоолорго келип реабилитациялык жардамдарды алышат. Борбордун уюштурулган майрамдык иштерине катыша алышат.
2. Балдарды калыптандыруу борборунун толук аталышы:
3. Мамлекеттик тилде – Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борбору муниципалдык мекемеси,
4. расмий тилде – Муниципальное учреждение детский реабилитационный центр “Нур” при мэрии города Баткен.
7. Юридикалык дареги: Баткен ш., Б.Ходжаев көчөсү, 10.
5. Балдарды калыптандыруу борборунун максаттары жана милдеттери
8. Борбордун негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды комплекстүү ребилитациялоо үчүн шарттарды жана алардын коомго жана үй-бүлөгө интеграцияланышына өбөлгө түзүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө муктаждыгы бар 3 жаштан 18 жашка чейинки балдарга зарыл болгон калыптандыруучу (реабилитациялык) жана абилитациялык жардамдарды көрсөтүү, ошондой эле 1,5 жаштан 3 жашка чейинки балдардын өнүгүүсүнө эрте кийлигишүү (ранее вмешательство) программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет. Калыптандыруучу жана жардам берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн 3жаштан 10 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Ар бир балага аны диагнозуна жана индивидуалдык өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө жараша калыптандыруучу (реабилитациялык) кызматтар көрсөтүлөт.
9. Балдарды калыптандыруу борборунун милдеттери:
6. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоонун комплекстүү системаларын түзүү;
7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу.
8. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын психологиялык, физикалык, социалдык жана таанып-билүү өнүгүүсүн колдоо.
9. Балдардын медициналык диагнозуна жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша реабилитациялык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
10. Эрте жаштагы (1.5 жаштан 3,5 жашка чейинки) балдар менен топтук иш аракеттерди уюштуруу жана адистердин катышуусунда жүргүзүү.
11. Ата-энелерди (же мыйзамдуу өкүлдөрдү) баланын өнүгүүсүнө активдүү тартуу жана алардын билим деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү.
12. Балдардын дене тарбия жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
13. Психологиялык, логопеддик, дефектологиялык жана педагогикалык колдоо көрсөтүү;
14. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери, медициналык уюмдар менен кызматташуу.
15. Инклюзивдик чөйрөнү калыптандыруу жана коомдук жашоого балдардын катышуусун камсыз кылуу;
16. Балдарга кызмат көрсөтүү процессинде балдардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо.