Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 26-августу № 74
“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгынын урматына карата Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октярбындагы №123 Мыйзамынын 40-беренесине жана “Баткен шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Баткен шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы №53 токтому менен бекитилген жобосуна, Баткен шаарык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, регламент, депутаттык мандат, этика жана ысымдарды, наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгынын урматына карата, Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өңүгүүсүнө, элдик чыгармачылыкка, маданиятка, кол өнөрчүлүккө жана аялдарды коомдук иштерге тартууда жекече салым кошкондугу үчүн Баткен шаарынын тургуну, Баткен шаардык Аялдар кеңешинин төрайымы Ормонова Арзыбү Аккозевнага Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
2..Токтом жалпыга Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын
3.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облусттук юстиция
башкармасына жөнөтүлсүн
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин
Мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, кылмыштуулук, чек ара, регламент, депутаттык мандат, этика жана ысымдарды, наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Гайыпова/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Аширов |