Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 04-август № 4-10-7
«Майлуу-Суу шаарынын тургуну С. Кочкоровага муниципалдык батир бөлүп берүү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 15.05.2025-жылдын Чыг. № 01-05/417 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси И. Батыркуловдун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынан тургуну 8 балалуу С. Кочкоровага Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгынан муниципалдык батир бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |