Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезекcиз IV сессиясынын
2025-жылдын 04-август № 4-10-8
«2024-жылдын 27-ноябрындагы “Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин X чакырылышынын туруктуу комиссияларын жана төрагаларын шайлоо жөнүндө” № 1-10-2 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жөнүндө»
Жергиликтүү Кеңештин регламентинин 7-главасынын 7-пунктуна ылайык, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жана бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгтарын угуп жана депутаттардын көпчүлүк добуштан кабыл алуусу менен Майлуу-Суу шаардык Кеңештин X чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча жана бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияларынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөрүүлөр киргизилсин:
– Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Колдаров Раушанбек Абдимиталиповичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп “Эл Биримдик” фракциясынын депутаты Арапов Нурлан Маматураимович бекитилсин
– Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп “Жаңы Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мамасадыков Ильяс Мамасадыкович бекитилсиню
- Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Токтоназаров Айбек Эргешбаевич Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
– Майлуу-Суу шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Каныбек уулу Тимурлан Майлуу-Суу шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин
– Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 1-10-2 токтомунун № 1 тиркемесине жогорудагы өзгөрүүлөр киргизилсин ( № 1 тиркеме).
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык Кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча жана бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |