Редакцияот 26.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын I сессиясы

 

  2024-жылдын  29-ноябрындагы  №3

 

«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоо жөнүндө.»

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41-беренесине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентине ылайык, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын 2 (эки) орун басарын (коомдук башталышта) шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасы К.Ызакуловдун билдирүүсүн угуп, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын I уюштуруу сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.         “Жаны Кыргызстан” фракциясынан депутат Джумашева Дамиракан Алыбековна жана “Ынтымак” фракциясынан депутат Сыдыкбеков Нурбек Майрамбекович Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасынын орун басарлары (коомдук башталышта) болуп шайлансын.

2.         Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

3.         Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев