Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын 26-сентябрындагы № 04 буйругуна) тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК
ЭРЕЖЕЛЕРИ КРАЭ-8
«Аба кемелеринин учуу жарактуулугу»
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ
№ | Кабыл алынган датасы | Күчүнө кирген датасы | Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор кабыл алынган акты | Бул экземплярга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген дата | Бул экземплярга өзгөртүү жана/же толуктоолорду киргизген жактын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген дата жөнүндөгү жазуулар жана бул нускага түзөтүү киргизген адамдын колу ушул Эрежелерди кармоочуга тиешелүү..
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ 6
1-бөлүм. Аныктамалар 6
2-бөлүм. Учуу жарактуулугун тастыктамалоо жана колдоо жол-жоболору 13
§ 1. Типти тастыктамалоо 13
§ 2. Өндүрүш 14
§ 3. Учууга жарактуулук тастыктамасы 14
3-бөлүм. Учуу жарактуулугун колдоо 19
§ 1. Колдонулушу 19
§ 2. Учуу жарактуулугун колдоо боюнча милдеттер 19
4-бөлүм. Учуу коопсуздугун башкаруу 20
5-бөлүм. Техникалык тейлөө боюнча бекитилген уюм. 21
§ 1. Колдонулушу 21
§ 2. Техникалык тейлөө уюмунун билдирүүсү 21
§ 3. Техникалык тейлөө уюмунун жол-жоболору боюнча колдонмо 23
§ 4. Техникалык тейлөө процедуралары жана сапатты камсыздоо системасы 24
§ 5. Өндүрүштүк база 24
§ 6. Персонал 24
§ 7. Катталган маалыматтар 25
§ 8. Техникалык тейлөө күбөлүгү 25
КЫСКАРТУУЛАР
АТ- авиациялык техника;
АК- аба кемеси;
ККО- көмөкчү күч орнотмосу;
ЖАО- жарандык авиация органы;
ТТ - техникалык тейлөө;
СDL- Конфигурациядан четтөөлөрдүн тизмеси;
СVR- борттук сүйлөө жазгычы
FDR- учуу маалыматтарын жазгыч
MEL - жабдуулардын минималдуу тизмеси
MMEL - жабдуулардын типтүү минималдуу тизмеси
МР- техникалык тейлөө программасы
ДПАС - Алыстан башкарылуучу авиациялык система
Кыргыз Республикасынын чыныгы Авиациялык эрежелери – «8-АПКР Аба кемелеринин учууга жарактуулугу» (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин негизинде иштелип чыккан.
Бул Эрежелерди иштеп чыгууда Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) негизги документи катары Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга (Чикаго конвенциясы) 8-тиркеме, 13-басылышы, 2022-жылдын июлунда күчүнө кирген.
Төмөндө көрсөтүлгөн терминдер аба кемелеринин жарактуулугу боюнча стандарттарда жана сунуш кылынган практикада колдонулганда, алар төмөнкү маанилерге ээ:
Адамдык фактордун аспектилери. Авиацияда долбоорлоо, тастыктамалоо, кадрларды даярдоо, техникалык тейлөө жана эксплуатациялоо процесстерине карата колдонулуучу жана адамдын мүмкүнчүлүктөрүн тийиштүү түрдө эске алуу аркылуу адам менен системанын башка компоненттеринин ортосундагы коопсуз өз ара аракеттенүүнү камсыздоого багытталган принциптер.
Барометрдик бийиктик. Стандарттык атмосфера боюнча бул басымга туура келген абсолюттук бийиктик чоңдуктарында туюнтулган, атмосфералык басым.
“Кароосуз калган” аба кемесинин түрү. Түрүнүн сертификаты иштеп чыгуучу мамлекет тарабынан жокко чыгарылган жана мындан ары 8-тиркемеге ылайык иштеп чыгуучу мамлекети дайындалбаган аба кемеси. Бул аба кемелери 8-тиркеменин стандарттарына жооп бербейт.
Тик учак. Абадан оор учуучу аппарат, ал негизинен абанын бир же бир нече көтөрүүчү винттер менен болгон реакцияларынын эсебинен учуп турат, алар кубаттуулук берүүчү түзүлүш тарабынан болжол менен вертикалдуу абалда жайгашкан октордун айланасында айландырылат.
1-класстагы учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учак. Мындай учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учак, кыймылдаткыч иштебей калган учурда, үзгүлтүккө учураган учуу зонасына коно алат же тиешелүү конуу зонасына чейин коопсуз учууну уланта алат.
2-класстагы учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учак. Мындай учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учак, эгерде кыймылдаткыч иштебей калса, коопсуз учууну уланта алат, бирок учуп кеткенден кийин мүнөздүү чекитке жеткенге чейин же конууга чейин мүнөздүү чекиттен кийин иштебей калган учурларды кошпогондо, аргасыз конуу талап кылынышы мүмкүн.
3-класстагы учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учак. Мындай учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учактын кыймылдаткычы траекториянын каалаган жеринде иштебей калган учурда аргасыздан конууга мажбур болот.
Учуу тилкеси. Аэродромдун ыйгарым укуктуу органы белгилүү бир багытта учууну аткарып жаткан аба кемесинин жерде же сууда нормалдуу ылдамдануусу үчүн жеткиликтүү деп жарыялаган аэродромдун бөлүгү.
Аба кемеси. Жер бетинен чагылдырылган аба менен өз ара аракеттенүүнү кошпогондо, аба менен өз ара аракеттенүү аркылуу атмосферада кармалып турган ар кандай аппарат.
Эскертүү. “Аба кемеси” деген термин колдонулган учурда ал ошондой эле аралыктан башкарылуучу учуучу аппараттарга тиешелүүболуп саналат.
Адамдын мүмкүнчүлүктөрү. Авиациялык иш аракеттердин коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна таасирин тийгизе турчу адамдын мүмкүнчүлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чектери.
Башкаруу жана көзөмөл C2 линиясын жоготуу жөнүндө чечим кабыл алуу убактысы. C2 линиясынын жоготуу абалы жөнүндө жарыялоого чейинки убакыттын максималдуу аралыгы, анын ичинде C2 линиясынын мүнөздөмөлөрү тышкы учкучка аба мейкиндигинин шарттарына жана эксплуатациялык шарттарга ылайык коопсуз жана өз убагында учууну активдүү башкарууга мүмкүндүк бербейт.
Өндүрүүчү-мамлекет. Аба кемесин, аралыктан учуруу пунктун, кыймылдаткычты же аба винтин акыркы чогултууга жооптуу уюмга карата юрисдикцияга ээ болгон мамлекет.
Түпкү долбоорду иштеп чыгуучу мамлекет. Тибинин конструкциясы үчүн жооптуу уюмга карата юрисдикциясы бар мамлекет.
Модификацияны иштеп чыгуучу мамлекет. Модификацияны же аба кемесин, кыймылдаткычты же аба винтин оңдоону иштеп чыгууга жооптуу болгон жеке адамга же уюмга карата юрисдикцияга ээ мамлекет.
Каттоо мамлекети. Аба кемеси катталган мамлекет.
Эскертүү: Эгерде кандайдыр бир эл аралык эксплуатациялык агенттиктин аба кемеси улуттук таандыктыктын негизинде эмес катталса, анда бул агенттикке кирген мамлекеттер Чикаго конвенциясына ылайык каттоо мамлекетине жүктөлгөн жоопкерчиликти биргелешип көтөрүүгө милдеттүү. Буга байланыштуу,Эл аралык аба транспортун экономикалык жөнгө салуу боюнча саясат жана көрсөтмө материалдар (Dос 9587) документине киргизилген Эл аралык эксплуатациялык агенттиктер тарабынан эксплуатацияланган аба кемелеринин улуттук таандыктыгы жана каттоосу жөнүндөгү 1967-жылдын 14-декабрындагы Кеңештин резолюциясын караңыз.
Кыймылдаткыч. Аба кемесин иш аракетке киргизүү үчүн пайдаланылуучу же дайындалган түзүлүш. Бул, жок эле дегенде, иштеши жана көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон компоненттерди жана жабдууларды камтыйт, бирок аба винтин/көтөрүүчү винттерди (эгерде алар колдонулса) камтыбайт.
Алыстан башкарылуучу авиациялык система (АБАС). Алыстан башкарылуучу аба кемеси, ага байланыштуу алыстан башкаруу пункту(тары), зарыл болгон C2 линия(лары) жана типтин конструкциясында көрсөтүлгөн башка элементтер.
Алыстан башкарылуучу учуучу аппарат (АБУА). Алыстан башкаруу пунктунан башкарылуучу учкучсуз учуучу аппарат.
Жарактуу далил. Келишим түзүүчү мамлекет учуу жарамдуулугуна коюлган конкреттүү талапка шайкештигин тастыктоо үчүн жетиштүү деп тааныган документтердин же иштердин жыйындысы.
Учуу жана конуунун акыркы этабынын зонасы (FАТО). Тик учактын учуу режимине чейинки же конуу маневринин акыркы этабы аткарылуучу жана учуу маневри башталуучу белгиленген зона. Эгерде FАТО 1-класстагы учуу-техникалык мүнөздөмөлөргө ээ тик учактар тарабынан колдонула турган болсо, анда бул белгиленген зона үзгүлтүккө учураган учуунун жеткиликтүү зонасын камтыйт.
А категориясы. Тик учактарга карата, бул 8-тиркеменин IVВ бөлүгүндө аныкталган кыймылдаткычтын өзгөчөлүктөрүн жана системалардын изоляциясын эске алуу менен иштелип чыккан жана критикалык кыймылдаткычтын иштебей калышын эске алуу менен регламенттелген учуу жана конуу маалыматтарын колдонуу менен учууга жөндөмдүү, жер бетинде жетиштүү белгиленген аймакты жана коопсуз учууну улантуу же коопсуз учууну токтотуу үчүн жетиштүү учуу мүнөздөмөлөрүн камсыз кылган бир нече кыймылдаткычтуу вертолетту билдирет..
Көрсөтүлгөн тейлөө сапаты (QoSD). C2CSP билдирүүсү ДПАС операторуна жетишилген же көрсөтүлгөн QoS жөнүндө.
В категориясы. Тик учактарга карата бир кыймылдаткычтуу же А категориясынын стандарттарына жооп бербеген бир нече кыймылдаткычтуу тик учакты билдирет. В категориясындагы тик учактар кыймылдаткыч иштебей калган учурда коопсуз учууну улантууга кепилдик бере албайт, бул аргасыз конууга алып келет.
Типтин конструкциясы. Учууга жарактуулугун аныктоо максатында аба кемесинин түрүн, аралыктан башкаруу пунктун, кыймылдаткычты же аба винтин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн жыйындысы.
Конфигурация (учакка таандык). Учактын аэродинамикалык көрсөткүчтөрүнө таасир этүүчү кыймылдуу элементтердин, мисалы, канатчалардын жана шассинин ж. б. белгилүү бир абалынын айкалышы.
Коопсуздуктун коэффициенти. Долбоорлоодо жана өндүрүштө эсептик жүктөрдүн ашып кетишинин мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле белгисиздиктерди эске алуу үчүн кабыл алынган эсептик коэффициент.
Критикалык кыймылдаткыч(тар). Иштелип жаткан учурга карата аба кемесинин мүнөздөмөлөрүнө эң жагымсыз таасир этүүчү ар кандай кыймылдаткыч.
Эскертүү: Кээ бир аба кемелеринде бирдей маанилүү кыймылдаткычтар бир нече болушу мүмкүн. Мындай учурда “маанилүү кыймылдаткыч” деген сөз ушул маанилүү кыймылдаткычтардын бирин билдирет.
Учууну башкаруу максатында алыстан башкарылуучу учуучу аппарат менен алыстан пилоттоо пунктунун ортосундагы маалыматтарды берүү линиясы С2 башкаруу жана көзөмөлдөө линиясы.
Модификация. Аба кемесинин, кыймылдаткычтын же аба винтинин конструкциясын өзгөртүү.
Эскертүү: Модификация ошондой эле техникалык тейлөө күбөлүгү менен шартталган техникалык тейлөө тапшырмасы болгон модификацияны ишке ашырууну камтышы мүмкүн. Техникалык тейлөө, модификация жана оңдоо боюнча кошумча нускамалык материал Учууга жаракуулук боюнча колдонмодо камтылган.
C2 башкаруу жана көзөмөл линиясынын номиналдык абалы. C2 линиясынын мүнөздөмөлөрү тышкы учкучка аба мейкиндигинин шарттарына жана эксплуатациялык шарттарга ылайык коопсуз жана өз убагында учууну активдүү башкарууга мүмкүндүк берүү үчүн жетиштүү болгон ДПАС абалы.
Аныктоо жана алдын алуу. Жакын жердеги аба кемелерин же башка коркунуч булактарын көрүү, таануу же аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү жөндөмдүүлүгү.
Өрткө туруктуулук. 15 мүнөт ичинде жалындын таасиринен пайда болгон жогорку температурага туруштук берүү жөндөмдүүлүгү.
Эскертүү. Уруксат берилген жалындын мүнөздөмөлөрү ИСО 2685те келтирилген.
Жактырылды; бекитилди. Белгил бир максаттар чн пайдаланууга келишимдеги мамлекет тарабынан кабыл алынды.
Пайдалануунункүтүүдөгү шарттары. Аба кемесинин же алыстан башкарылуучу учуу пунктунун кызмат мөөнөтү ичинде практикадан белгилүү болгон же жетиштүү негиз менен алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон шарттар, анын максатын эске алуу менен. Бул шарттар атмосферанын метеорологиялык абалына, жердин рельефине, аба кемесинин жана алыстан башкарылуучу учуу пунктунун иштешине, персоналдын квалификациясына жана учуунун коопсуздугуна таасир этүүчү бардык башка факторлорго көз каранды.
Пайдалануунун күтүүдөгү шарттары төмөнкүлөрдү камтыбайт:
1) тиешелүү эксплуатациялоо эрежелерин колдонуу аркылуу ийгиликтүү качууга мүмкүн болгон экстремалдык шарттар;
2) экстремалдуу шарттар, алар ушунчалык сейрек кездешет, бул шарттарга карата Стандарттарды аткаруу талабы зарыл болгондон жана практикалык жактан негиздүү болгондон жогору учууга жарактуулукту камсыз кылууга алып келет.
типтин түзүлүшүнө жооптуу уюм. Аба кемесинин түрүнө же ага теңдешүүчү документке, алыстан башкарылуучу пунктка, кыймылдаткычка же аба винтине карата Келишим түзгөн мамлекет тарабынан берилген сертификатка же ага теңдешүүчү документке ээ болгон уюм.
Ашыкча жүктөө. Аба кемесинин салмагына карата белгиленген жүктүн катышы, мында бул жүк аэродинамикалык жана инерциялык күчтөр же жер бети менен өз ара аракеттенүү күчтөрү менен туюнтулат.
Башкарууну өткөрүп берүү. Бир аралыктан учуруу пунктунан экинчисине учурууну башкарууну өткөрүп берүү аракети.
Которулуу. Которулуу. C2 линиясын түзгөн линиялардын же тармактардын биринен ПДП менен ДПВС ортосундагы активдүү маалымат берүү каналын C2 линиясын түзгөн башка линияга же тармакка которуу аракети.
Дискреттүү таасирден улам келип чыккан зыян. Канаттуулар менен кагылышуунун, желдеткичтин бычактарынын локализацияланбаган бузулушунун, кыймылдаткычтын локализацияланбаган бузулушунун, тез айлануучу тетиктердин локализацияланбаган бузулушунун же ушул сыяктуу себептердин натыйжасында келип чыккан аба кемесинин конструкциясынын бузулушу.
Учуу жарамдуулугун сактоо. Аба кемесинин, аралыктан учуруу пунктунун, кыймылдаткычтын, аба винтинин же курамдык бөлүгүнүн учурдагы учуу жарамдуулугуна болгон талаптарга шайкештигин камсыз кылуучу жана алардын кызмат өтөө мөөнөтү бою коопсуз эксплуатациялоо шарттарына ылайык келген абалда кармап туруучу процесстердин жыйындысы.
Конуу бети. Аэродромдун ыйгарым укуктуу органы белгилүү бир багытта конуп жаткан аба кемелеринин жерде же сууда нормалдуу чуркоосу үчүн жеткиликтүү деп жарыялаган аэродромдун бетинин бир бөлүгү.
Чектүү жүктөмдөр. Күтүлгөн эксплуатация шарттарында пайда болушу мүмкүн болгон максималдуу жүктөмдөр.
Учууга жарактуу. Аба кемесинин, аралыктан учуруу пунктунун, кыймылдаткычтын, аба винтинин же курамдык бөлүгүнүн бекитилген конструкциясына жана алардын коопсуз иштешинин шарттарына ылайык келген абалы.
Учуу жарамдуулугу жөнүндө күбөлүккө күч берүү (күчүнө киргизүү). Келишим түзүүчү мамлекеттин башка Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан берилген күбөлүктү өзүнүн күбөлүгүнө тең деп таануусунун натыйжасында өзүнүн учуу жарамдуулугу жөнүндө күбөлүгүн берүүнүн ордуна жасалган аракет.
Алыстан башкарылуучу учуу пункту (АБПП). Алыстан башкарылуучу авиациялык системанын элементи, алыстан башкарылуучу учуучу аппаратты башкаруу үчүн колдонулган жабдууларды камтыйт.
Кыйратуучу (эсептик) жүк. Тиешелүү коопсуздук коэффициентине көбөйтүлгөн чектик жүк.
Эсептик учуу салмагы. Конструкциянын бекемдигине эсептөөлөрдө аба кемесинин учуу тилкесиндеги баштапкы салмагы катары кабыл алынуучу аба кемесинин максималдуу салмагы.
Башкаруудагы Учкучсуз учуу салмагы. Учактын жер бетинде учуу алдында кыймылдаган учурунда күтүлгөн жүктөмдөрдө конструкциянын бекемдигин камсыз кылуучу максималдуу салмагы.
Эсептелген конуу салмагы. Конструкциянын бекемдигин эсептөөдө аба кемесинин конууда каралган салмагы катары кабыл алынган аба кемесинин максималдуу салмагы.
Техникалык тейлөөлөр тууралуу катталуучу маалыматтар. Учакка, кыймылдаткычка, аба винтине же тиешелүү бөлүгүнө жүргүзүлгөн техникалык тейлөө жөнүндө толук маалыматты камтыган катталган маалыматтар.
Оңдоо.Аба кемесинин, кыймылдаткычтын, аба винтинин же тиешелүү бөлүгүнүн бузулгандан же эскиргенден кийин абага жарактуулугун тиешелүү нормаларга ылайык калыбына келтирүү.
Техникалык тейлөө боюнча жол-жоболорду уюштуруу Колдонмосу. Техникалык тейлөө уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилген жана техникалык тейлөө уюмунун түзүмү, анын жетекчилигинин милдеттери, аткарылуучу иштердин чөйрөсү, өндүрүштүк базасы, техникалык тейлөө жол-жоболору жана сапатты камсыздоо же инспекциялык текшерүү системалары жөнүндө толук маалыматты камтыган документ.
Учак. Абадан оор, кыймылдаткыч менен иштеген, учуу учурунда көтөрүүчү күчү негизинен учуу шарттарында кыймылсыз калган беттердеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен пайда болгон аба кемеси.
Техникалык тейлөө тууралуу Күбөлүк. Тиешелүү учуу жарактуулук нормаларына ылайык техникалык тейлөө боюнча көрсөтүлгөн иштердин канааттандырарлык аткарылганын тастыктаган маалыматтарды камтыган документ.
Тип сертификаты. Келишим түзгөн мамлекет тарабынан аба кемесинин, алыскы пилоттук пункттун, кыймылдаткычтын же аба винтинин типтүү конструкциясын аныктоо жана бул конструкциянын ошол мамлекеттин учууга жарамдуулук боюнча тиешелүү нормаларына жооп берерин тастыктоо үчүн берилген документ.
Айрым Келишим түзгөн мамлекеттерде кыймылдаткычтын же аба винтинин түрүнө карата типтик сертификатка теңдешүүчү документ берилиши мүмкүн.
Алыстан башкарылуучу учуу пунктуна карата типтеги сертификатка теңдешүүчү документ берилиши мүмкүн.
Күч берүүчү түзүлүш. Аба кемесине орнотулган бардык кыймылдаткычтардан, кыймылдаткыч системасынын компоненттеринен (эгер бар болсо) жана аба винттеринен (эгер орнотулган болсо), алардын агрегаттарынан, көмөкчү бөлүктөрүнөн, күйүүчү май системасынан жана майлоо системасынан турган система; ага тик учактын көтөрүүчү винттери кирбейт.
Тиешелүү учууга жарактуулук нормалары. Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан каралып жаткан аба кемелеринин, алыстан башкарылуучу пункттардын, кыймылдаткычтардын же аба винттеринин классы үчүн белгиленген, кабыл алынган же таанылган учууга жарактуулуктун ар тараптуу жана толук нормалары.
C2 башкаруу жана көзөмөл линиясын жоготуу абалы. C2 линиясынын бузулушунан улам, C2 линиясын жоготуу жөнүндө чечим кабыл алуу убактысынан ашып кеткен учурда, тышкы учкучка коопсуз жана өз убагында учууну активдүү башкарууга мүмкүндүк бербеген даражада C2 линиясынын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнүн начарлашы байкалган ДПАС абалы.
C2 башкаруу жана көзөмөлдөө линиясынын спецификациясы. C2 линиясынын жабдуулары конструкция системасына тиешелүү учуу жарамдуулугунун колдонуудагы нормаларына ылайык жетишүүгө тийиш болгон минималдуу мүнөздөмөлөр.
Стандарттык атмосфера. Төмөнкүдөй аныкталган атмосфера:
1) аба идеалдуу кургак газ болуп саналат;
2) Абанын физикалык константалары төмөнкүлөр болуп саналат:
– деңиз деңгээлинде орточо молярдык массасы:
М0 = 28,964 420 × 10-3 кг/моль;
– деңиз деңгээлиндеги атмосфералык басым:
Р0 = 1 013,25 гПа;
– деңиз деңгээлиндеги температура:
t0 = 15 °С,
Т0 = 288,15 К;
– деңиз деңгээлиндеги тыгыздык:
ρ0 = 1,225 0 кг/м3;
– муздун эрүү температурасы:
ТI = 273,15 К;
– универсалдуу газ туруктуулугу:
R* = 8,314 32 Дж/(моль×К);
3) температуралык градиенттер төмөнкүлөр болуп саналат: