Редакцияот 02.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2022-жылдын 2-февралы № 76

 

Жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун кайрылуусун, Ысык-Кɵл районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыны тарабынан 09.09.2021-жылдагы №183-21 корутундусу, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ысык-Кɵл филиалынын 25.05.2021-жылдагы № 96 корутундусун карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Чок-Тал айылынын Энергетик кɵчɵсүндɵгү 1250 чарчы метр жер тилкесин коомдук балдар аянтчасын уюштуруу үчүн Чоӊ-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.

3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

4. “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов