Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2022-жылдын 24-марты № 116

 

Э.Исабековдун кайрылуусун кароо жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Ɵрнɵк айылынын тургуну Э.Исабековдун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ɵрнɵк айылынын тургуну Э.Исабековдун кайрылуусун мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановко жана Чоң-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн юристи Ж.Жанузаковго тапшырылсын.

2.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

3. Токтомду кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов