Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНТН ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2022-жылдын 24-марты № 123

 

Жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин, Ɵрнɵк айылынын тургуну Турдалиев Сталбек Шаршебаевичтин 24.02.2022-жылдагы арызы, Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун 24.03.2022-жылдагы №317 кайрылуусун, карап, талкуулап чыгып, Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чон-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Ɵрнɵк айылынын тургуну Турдалиев Сталбек Шаршебаевичтин колдонуусундагы идент. №2-03-03-0030-1212, аянты 1.10 га жер тилкеси Чоӊ-Сары-Ой айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл ɵкмɵтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.

3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.

4. “Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча” туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

 

Т.Туйгунов