Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 313 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун (мындан ары - Турукташтыруу фонду) каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Турукташтыруу фонду - Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонд.
2-глава. Турукташтыруу фондунун максаттары жана милдеттери
3. Турукташтыруу фондунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо;
2) экономиканын жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү;
3) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.
4. Турукташтыруу фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) айрым иш-чараларды каржылоо;
2) финансылык жана башка инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга инвестициялоо.
5. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары төмөнкү максаттарга багытталат:
1) мамлекеттик социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу;
2) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо, модернизациялоо;
3) экономиканын тармактарын өнүктүрүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка иш-чаралар.
3-глава. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары жана тартиби
6. Турукташтыруу фондунун каражаттарын түзүүнүн булактары:
1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;
2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;
3) Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу башка каражаттар (мындан ары - башка каражаттар) болуп саналат.
7. Башка каражаттар төмөнкүдөй тизмекти камтыйт, бирок алар менен чектелбейт:
1) юридикалык жана жеке жактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин ыктыярдуу чегерилген каражаттары;
2) укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтуруу түрүндө которулган каражаттар;
3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын максаттарына карама-каршы келбеген башка каражаттардын түшүүлөрү;
4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратуунун шарттарын жана тартибин аныктаган тартипке ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган администрациялоочу эсептин каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө мурда каралбаган башка акча каражаттары;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык республикалык бюджеттин чыгымдарын кайра бөлүштүрүү;
7) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн Турукташтыруу фондуна которуунун каралган суммасы.
8. Бул Тартиптин 6-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларына ылайык алынган каражаттар андан ары Турукташтыруу фондуна которуу үчүн республикалык бюджеттин ресурстарында жана чыгымдарында эсепке алынат.
9. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралбаган каражаттар ага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жазуу жүзүндө кабарлоо менен Турукташтыруу фондуна которулат.
10. Турукташтыруу фондун башкаруудан түшкөн инвестициялык кирешелер түздөн-түз анын эсептерине түшөт.
11. Бул Тартиптин 7-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык акча каражаттары тиешелүү казыналар аралык тапшырмалар аркылуу тиешелүү депозиттик эсептерден республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүнө түшөт жана андан кийин республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгү аркылуу Турукташтыруу фондуна которулат.
12. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы эсептеринде (сомдук жана валюталык) топтолот, алар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу үчүн бир консолидацияланган эсеп катары каралат.
13. Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди тейлөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.