Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезектеги үчүнчү сессиясы

 

    2025-жылдын  5-февралындагы №3/6

 

  «Кыргыз Республикасынын Президентинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча өкмөт башчынын кайрылуусун кароо жөнүндө»

 

  Кара-Камыш айылдык кеңешинин этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №296 Жарлыгына негиз Кара-Камыш айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБО бекитилсин.

 

2. Бекитилген ЖОБОго ылайык токтомдун аткарылышы боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул маселенин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин этика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

          

 

Төрага

 

Айтымбет уулу Э