Редакцияот 05.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын

кезектеги үчүнчү сессиясы

 

    2025-жылдын  5-февралындагы №3/7

 

   «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” № 26 сандуу токтомун аткаруу максатында кошумча кызматтарды аппарат кызматкерлерине аткарууга бекитип берүү жөнүндө»

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 26 сандуу токтомунун негизинде, элдин жашоо тиричилигине керек болгон муктаждыктарды жеңилдетүү максатында жогоруда аныкталган (1-үлүш жери боюнча тактама, 2-жашоо шарты боюнча тактама, 3-өтүп кеткен жарандардын балдары менен чогу жашагандыгы жөнүндө маалымдама, 4-мал, жандыгы боюнча тактамаларды) муниципалдык кызматтары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча аткарууга бекитилип берилсин.

 

2.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Камыш айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;

 

3.  Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

          

 

Төрага

 

Айтымбет уулу Э