Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы № 637 токтомуна |
Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо окумуштуулук даражаларды ыйгаруу тартибин аныктайт, ошондой эле илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алууга сунушталган диссертациялар жооп берүүгө тийиш болгон критерийлерди жана талаптарды белгилейт.
2. Илимдин доктору окумуштуулук даражасы илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар изденүүчүлөргө диссертациясын ачык коргоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын (мындан ары – ЖАКтын төрагасы) буйругу менен ыйгарылат.
3. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы адистин диплому менен ырасталган жогорку билими же “магистр” квалификациясы бар изденүүчүлөргө диссертациясын ачык коргоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде ЖАКтын төрагасынын буйругу менен ыйгарылат.
2-глава. Окумуштуулук даражаны изденип алууга сунушталган диссертацияларга карата критерийлер жана талаптар
4. Диссертация жеке илимий-квалификациялык иш болуп эсептелет жана ал изденүүчүнүн жеке өзү тарабынан жазылышы керек, анда ачык коргоо үчүн автор тарабынан сунуш кылынган жаңы илимий жыйынтыктардын жана жоболордун жыйындысы камтылууга, иштин белгилүү багыты, иштелип же изилденип жаткан маселенин алкагында натыйжалардын өз ара байланышынын болушу менен шартталган ички биримдикке ээ болууга жана изденүүчүнүн илимге кошкон жеке салымын күбөлөндүрүүгө тийиш.
Изденүүчүнүн диссертацияда жана авторефератта баяндалган жыйынтыктарды алуудагы конкреттүү жеке салымын аныктоодо ага таандык идея, гипотеза, алардын эксперименттик ырастоосу, иштелип чыккан методикасы жана аппаратурасы, алынган натыйжаларынын теориялык жактан иштелип чыгышы, илимий жоболорунун чечмелениши ж.б. көрсөтүлүшү керек.
5. Илимдин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация төмөнкү критерийлердин бирине ылайык келиши керек:
1) жаңы илимий багытты иштеп чыгуу же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий багыттын бирин жана принциптүү жаңы натыйжалардын мазмунун концептуалдуу өнүктүрүү;
2) аларды ишке киргизүү илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүгө жана тездетүүгө зор салым кошо турган илимий негизделген техникалык, социалдык-экономикалык жана технологиялык жаңы методдорду иштеп чыгуу жолу менен илимий маселелерди чечүү.
6. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертация төмөнкүдөй критерийлердин бирине ылайык келиши керек:
1) илимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниси бар милдеттердин чечилиши;
2) илимдин тийиштүү тармагы үчүн олуттуу мааниге ээ, илимий негизделген техникалык, социалдык-экономикалык же технологиялык иштеп чыгуулардын баяндалышы.
7. Докторлук жана кандидаттык диссертациялар илимдин бир тармагынын чегинде бир же эки илимий адистик боюнча коргоого коюлушу мүмкүн.
8. Медицина илимдери боюнча окумуштуулук даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияны коргоого жогорку медициналык билими бар, ординатураны бүтүргөн адамдарга жол берилет. Ветеринария илимдери боюнча − адистин диплому же “бакалавр” квалификациясы болгондо “магистр” квалификациясы менен ырасталган жогорку ветеринардык билими бар адамдарга. Юридика илимдери боюнча − адистин диплому же “бакалавр” квалификациясы болгондо “магистр” квалификациясы менен ырасталган жогорку юридикалык билими бар адамдарга.
Докторлук/кандидаттык диссертацияны коргоого докторантураны/аспирантураны окуп бүтүргөн адамдарга, ошондой эле диссертацияларды даярдоо үчүн илимий-изилдөө жана эксперименттик базасы бар жогорку окуу жайларына жана/же илимий жана илимий-техникалык уюмдарга бекитилген изденүүчүлөргө уруксат берилет.
9. Жогорку билими диссертация даярдалган илимдин тийиштүү тармагына туура келбеген илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына изденүүчү экзаменди диссертация коргоого кабыл алынган адистик боюнча тапшырат.
10. Диссертацияда баяндалгандардын толуктугу жана жыйынтыктарынын аныктыгы үчүн изденүүчү жеке өзү жана илимий кеңешчиси/жетекчиси жоопкерчилик тартат.
11. Илимдин кандидаты докторлук диссертациясын коргоо үчүн докторлук диссертациянын негизги жыйынтыктары 15тен кем эмес публикацияда жарыяланышы керек, анын ичинде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр болушу зарыл:
1) “Scopus” жана/же “Web of Science” системаларында индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 2 макала;
2) РИНЦ ядросунда 1 макала;
3) ЖАКтын рецензиялануучу илимий мезгилдүү басылмалардын тизмегине кирген илимий басылмаларда публикациялары.
Буга “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” жана “фольклористика” адистиктери боюнча мамлекеттик тилде жазылган диссертациялар кирбейт, алар үчүн РИНЦ системасында индекстелүүчү, импакт-фактору 0,2ден кем эмес илимий мезгилдүү басылмаларда 4төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү.