Редакцияот 10.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 10-сентябры № 3354-VII

 

"2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 12-июнундагы чыг. № 18-6209) "2025-жылдын 21-апрелинде Вашингтон шаарында (АКШ) кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

Н.О. Сыдыгалиев