Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

  2024-жылдын  18-декабрындагы №2

 

«Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө»

 

Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 4 – cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Шаардык мэриянын 02.12.2024-жылдагы “2025-жылга карата Таш-Көмүр шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-21/3760 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Урматаалиевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Таш-Көмүр шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык жактырылсын. /тиркеме тиркелет/

3.      Таш-Көмүр шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеде көрсөтүлгөн пайыздык чендерге ылайык 2 858 792 (эки миллион сегиз жүз элү сегиз мин жети жүз токсон эки) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

4.      Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

5.      Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Ч.Урматаалиев) жүктөлсүн.

 

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев